Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Обама: Порошенконун шайлануусу “даанышмандык”


Барак Обама жана Петро Порошенко. Варшава, 4-июнь, 2014-жыл.
Барак Обама жана Петро Порошенко. Варшава, 4-июнь, 2014-жыл.
АКШ президенти Украинанын шайланган президенти менен бүгүн Варшавада кездешти. Барак Обама Петро Порошенконун президенттикке шайлануусун “даанышман чечим” деп атап, анын бешенесине өлкөнү “өтө оор мезгилде башкаруу” вазийпасы туш келгенин белгиледи.

Обаманын айтымында, АКШ украин элин алдыдагы күндөрдө, апталарда эле эмес, алдыдагы жылдарда да колдойт. Ал Порошенко менен кездешкенден кийин кабарчыларга сүйлөгөн сөзүндө буларды айтты:

- Биз бул өткөөл жараян жана реформа учурунда жардам көргөзө алчу кошумча чараларды талкууладык. Украинанын укук коргоо органдары менен армиясын өлкөнүн айрым бөлүктөрүндө чыгып жаткан көйгөйлөрдү жөнгөрө алуусу үчүн аларды машыктыруу жана кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча чараларды талкууладык.

Варшавадагы жолугушуунун артынан АКШ Украинанын коопсуздук күчтөрүнө чыгыштагы жикчилер менен күрөшүүсүнө 5 миллион долларга жабдуу жагынан жардам көргөзөрү жарыяланды. Ал жардамдын ичинде соот кемселдер жана түндө колдонулчу көз айнектер болот. (UE)

XS
SM
MD
LG