Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Кытайда «террористтер» менен күрөштө ондогон киши кармалды


Кытай -- Полиция Үрүмчүдөгү демонстранциянын катышуучусун кармоодо. 1-апрель, 2011
Кытай -- Полиция Үрүмчүдөгү демонстранциянын катышуучусун кармоодо. 1-апрель, 2011
Кытай Шиң-Жаңдагы «антитерроризм» операциясында 29 киши камакка алынганын билдирүүдө. Расмий Шиң-Жаң интернет кабар тармагы билдиргендей, аларга жикчилдикти козутуп, социалдык тартипти бузууга элди шыкактаган деген айып коюлду. Бул аймактагы соңку кандуу кол салуулар үчүн Кытай чет өлкөлөрдөгү исламчыл террор топтору менен алакалаш диний экстремисттерди айыптаган. Уйгур активисттери кытай ханзулардын аймакка миллиондоп көчүрүлүшү жана расмий дискриминация элдин нааразылыгына май тамызып жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG