Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Жалал-Абадда издөө жарыялангандар четте качып жүрөт


Жалал-Абаддагы коогалуу күндөр, 17-июнь, 2010.
Жалал-Абаддагы коогалуу күндөр, 17-июнь, 2010.
Облуста 2010-жылдагы июнь окуясында адам өлтүрүүлөргө шектелип, издөө жарыяланган 50 адамдын тогузу кармалып, алардын ичинен үчөө соттолду.Чет жакта кармалды деген эки адамды Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилбей турат. Калган 41 адамдын жыйырма тогузу Орусияда, он бири Өзбекстанда, бирөө Украинада жүргөнү анык болду. Издөө жарыяланган он бир адам боюнча кырк жолу кайрылууга бир да ирет жооп болгон эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Мелис Шералиев билдирди.

Ошондой эле облуста июнь окуясында адам өлтүрүүлөргө байланыштуу отуз үч кылмыш иши козголгон. Тогуз кылмыштын бети ачылган. Калган жыйырма эки кылмыштын бети ачыла элек. Бирок адам өлтүрүүгө шектүү адамдарды, окуяда дайынсыз жоголгондорду издөө бүгүнгө дейре токтотулган жок. Алар тууралуу кайсы жерден кандай кабар чыкса, ал маалыматтардын бардыгы текшерилүүдө.

2010-жылдын 11-июнуна караган түнү Ош шаарында тутанган чатак улут аралык чоң жаңжалга айланып, анын эпкини кошуналаш Жалал-Абад облусуна да тийген. (YA)

XS
SM
MD
LG