Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Пакистандагы аба соккулардан 14 согушкер мерт болду


Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагында учкучсуз башкаруудагы учактын соккусунан 14 согушкер набыт болду. Бардык соккулар экстремисттер отурганы болжолдонгон унаага багытталган. Бул туралуу “Азаттыктын” Пакистандагы кабарчылары билдиришти. Азырынча мерт болгондор жергиликтүү талиптер же тыштан келген согушкерлер экени белгисиз.

8-июнда Пакистандын Карачи шаарынын аэропортундагы чабуулда согушкерлердин арасында этникалык өзбектер бар болгонун талиптер ырасташты. Анда салгылашуунун жалпы курмандыктарынын саны 34гө жеткен.

Акыркы жолу башкаруусуз учактын катышуусундагы операция 25-декабрда өткөрүлгөн. Анда 3 согушкер тындым кылынган. Буга чейин Пакистан өкмөтүнүн суранычы менен пилотсуз учактардын катышуусундагы аскерий операциялар убактылуу токтотулган эле.

XS
SM
MD
LG