Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Бразилиядагы футболдук матч үзгүлтүккө учурады


АКШ жана Бельгиянын футбол курама командалары ортосундагы жолдоштук беттешүү автотыгындардан улам үзгүлтүккө учурады. Бразилиянын Сан-Паулу шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындардан улам Бельгиянын курамасы белгиленген матчка кечигип жатканын команданын машыктыруучусу билдирген.

Эки тренердин макулдугу менен беттеш токтотулду. Матч Бразилияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына тушташ өтмөк.

Чемпионаттын биринчи беттешүүсү дагы Сан-Паулу шаарында болоору белгиленген. Ал Бразилия жана Хорватия курама командаларынын ортосунда өтөт.

Сан-Паулу өзүнүн автотыгындары менен белгилүү болуп келет. Шаардагы метрополитендин жумушчулары нааразылык акциясына чыккан соң абал дагы курчуп кеткен. Акциянын катышуучулары менен шаар бийлигинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, алар өз ишине кайткан. Профсоюз акцияны чемпионат башталган күнү кайра улантаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG