Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

Бишкекте мыйзамсыз жер бөлгөн архитектор камакка алынды


Бишкектеги эс алуу парктарынын бири.
Бишкектеги эс алуу парктарынын бири.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык архитектурасынын А. Ж. аттуу бөлүм башчысы 2008-жылы борбордун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин курулуш үчүн бөлүп берген. Бул жер тилкеге Эл артисти Керим Турапов музыкалык окуу жай салмакчы болгон. Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, аталган жер тилкеси сейил бактын аймагында жайгашкандыктан ага курулуш курууга тыюу салынган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, архитектор камакка алынды.

Буга чейин аталган имараттын салынышына шаар тургундары каршы чыгып, мэриянын алдында нааразылык акциясын өткөргөн болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG