Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү системасынын көйгөйлөрү талкууланды. Бул багытта иш алып барган институттун өкүлү Светлана Шералиеванын "Азаттыкка" айтымында, эл аралык конференцияга Казакстан, Кытай жана Түркиянын адистери катышып, өз тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Жергиликтүү жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү компьютердик технология өнүккөн азыркы заманда сырттан билим алууну тандагандар көбөйүп жатканын, ошого жараша шарт түзүү керектигин айтты. Студенттер менен катар окутуучуларды да заманбап технология менен иштөөгө үйрөтүү керетиги тууралуу да сөз болду.
БГУнун Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институту 1999-жылы негизделген. 17 адистик боюнча иш алып барган бул окуу жайда Кыргызстандан гана эмес, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келгендер да окуйт.
2013-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына өзгөрүү кирип, дистанттык билим берүү деген түшүнүк окутуу формасы эмес, окутуу технологиясы деп таанылган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик. Студенттердин жалпы саны 230 миңдин тегерегинде. Сырттан окуу бөлүмүндө окугандардын саны соңку жылдары 2-3 эсе азайды. Буга мамлекет тарабынан коюлуп жаткан талаптын күчөгөнү себеп болгон. (RK)