Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

"М-Вектор:" Калктын 60 пайызы Бажы биримдигине кирүүгө макул


Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.
Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.
Социологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөн “М-Вектор” уюму Кыргызстандын жети облусунда өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Ага катышкандардын 60 пайызы Бажы биримдигине кирүүгө макул экенин айтканын "Азаттыкка" бүгүн компаниянын изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Виталий Дергунов билдирди. “М-Вектор” жети облустун 50 калктуу пункттарынан 800 чакты адамды сурамжылаган. Анда Бажы биримдиги деген эмне, ага кайсы өлкөлөр кирет, Кыргызстандын аталган уюмга киришине кандай карайсыз, эгер биримдикке кирсе өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болот деген суроолор коюлган.

Иликтөө суралгандардын 60 пайызы бул биримдик тууралуу билээрин жана колдоорун көрсөткөнү менен айрым аймактарда элдин маалыматы анчейин эместигин айгинелеген. Мисалы, Нарын облусунун калкынын 50 пайызы Бажы биримдиги тууралуу таптакыр кабардар эмес.

Сурамжылоого катышкандардын 30 пайызы күйүүчү-майлоочу майлар арзандайт десе, газ баасы ылдыйлайт дегендер 27 пайызды түзгөн. Ошондой азыраагы айыл-чарба техникалары, көмүр, тамеки, алкоголдук ичимдиктерге баа түшөт деген оюн билдиришкен.

29-майда Астанадагы саммитте Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү - Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын кабыл алган. Бирок Кыргызстан бул уюмга качан толук мүчө болуп кирээри али белгисиз.(MTo/SM)

XS
SM
MD
LG