Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Иран Ирактагы абалды жайгаруу боюнча АКШ менен кызматташууга даяр


Ирандын президенти Хасан Роухани Ирактагы коопсуздукту жөнгө салуу боюнча эгер АКШ кайрылса, Кошмо Штаттар менен кызматташууну четке какпайт. 14-июнда маалымат жыйынында сүйлөп жатып Роухани “биз сөз менен да, иш менен да террордук топторго каршы турушубуз” керек деди.

Иран лидери бул сөздөрдү ушул аптада коңшу Иракта “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети” деген уюмдун согушкерлери Мосул жана Тикрит шаарларын ээлеп алган соң билдирди. Эми аталган радикалдык топ мүчөлөрү борбор шаар Багдадга жүрүш жасай турганын эскертүүдө. Буга чейин АКШ президенти Барак Обама Иракка жардам көргөзүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын, бирок Ирактагы согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн аскерлер жөнөтүлбөй турганын билдирген. Обама кандай жардам көрсөтүлөрүн тактаган эмес.

XS
SM
MD
LG