Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Кыргыз спортчусу Азия чемпионатында эки алтын медал утту


Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Дарья Маслова эки алтын медал утту. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов кабарлады. Маалыматка ылайык, Маслова 5 жана 3 чакырымдык жарыштарда биринчи болуп келген.

Азия чемпионатына кыргызстандык үч спортчу катышты. Ксения Файсканова 1500 метрге жарышта төртүнчү орунду ээледи. Дмитрий Тимков болсо 400 метрге чуркоодо он мыктынын бири болду. (КМа)

XS
SM
MD
LG