Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Болгарияда суу каптоодон 12 киши каза тапты


Болгариянын түндүгүндө суу ташкыны 12 кишинин, анын ичинде 2 баланын өмүрүн алып кетти. Бийлик өкүлдөрү Кара деңиз боюндагы Варна шаарында 10 кишинин сөөгү табылганын бышыктады. Дагы эки киши Добрич шаарында каза тапты.

Варнанын жака белиндеги айыл кыштактарда суу турак жайларды, көчөлөрдү каптап, ураган тамдарды, талкаланган машинелерди көрсө болот. Бийлик дагы 3 шаардагы кырдаал өтө оор экенин билдирүүдө.

Бир нече күндөн бери аймакта нөшөр жаан жааган. Бирок жергиликтүү тургундар кырсыкка кайсы бир деңгээлде дренаж каналдарынын таштандыларга толуп калышы жана мыйзамсыз курулуштар алып келди дешет.

Өлкөдө 23-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG