Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

ЖК комитети чет өлкөдө мүлкү бар чиновниктерди чектеген демилгени колдоду


Жогорку Кеңештин депутаттык этика жана регламент боюнча комитети мамлекеттик жогорку кызматкерлерге, алардын жакындарына чет өлкөдө банкта акча эсебин ачууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду. Депутаттар бул мыйзам долбоор улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүүгө өбөлгө болорун билдиришти.

Депутат Исмаил Исаков иштеп чыккан мыйзам долбоорго ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызматты ээлеген адамдарга чет өлкөдөн акча эсебин ачууга, акча каражаттарын сактоого, баалуу кагаз, облигацияга ээ болууга тыюу салынат. Муну менен катар чет мамлекетте кыймылсыз мүлккө ээ болууга да уруксат берилбейт. Мындай талап мамлекеттик жогорку кызматкерлер менен депутаттарга, алардын жубайы жана 16га чыга элек балдарына да тиешелүү болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG