Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Жол тороого жазаны күчөткөн мыйзам долбоор сунушталды


Кыргызстанда нааразылык иретинде жол тороого жазаны күчөткөн мыйзам долбоор сунушталды. Аны парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзгөн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциясынын лидерлери иштеп чыккан. Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, мыйзам долбоор жол тороо сыяктуу акциялардын өлкөдөгү саясий абалга жана экономикасына терс таасир тийгизип жатканын эске алуу менен иштелип чыкты. Ага ылайык, мындай акция уюштургандарды 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Аталган мыйзам долбоор бүгүн парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде колдоо тапты.

Кыргызстанда жол тороо аркылуу нааразылык билдирүү кеңири колдонулуп келет. Акыркы жолу камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен бир айга жакын Ош – Эркеч-Там жолун бууп туруп, ушул апта башында гана ачышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG