Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

Молдова парламенти бүгүн атайын жыйын өткөрөт


Анда өткөн жума күнү Брюсселде кол коюлган Европа Биримдиги менен Молдованын ассоциация боюнча келишимин ратификациялоо каралат. Ратификация үчүн 101 орундуу парламенттин жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу керек. Парламент төрагасы Игор Корман ким кайсы саясий партияда экенине карабай келишимди колдоп берүүгө чакырды. Европа менен келишим түзүүгө каршы чыккан оппозициялык партиялар парламенттин 40% көзөмөлдөйт. (AiT)

XS
SM
MD
LG