Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Казакстанда Антимонополия комитетинин башчысы кармалды


Казакстандын финансы полициясы Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысын пара алган деп камакка алды. 2-июлда полициянын өкүлүнүн маалымдашынча, Мурат Оспанов 200 миң доллар пара алган деп шектелүүдө. Мартабалуу чиновниктин кармалышы боюнча башка эч кандай маалымат берилбеди.

Оспанов акыркы айларда пара алды деп кармалган же соттолгон мартабасы бийик биринчи жетекчи эмес. Өткөн жумада Казакстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Багдат Майкеев пара алды деп айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган. Былтыр коррупцияга жана паракорлукка байланыштуу бир нече жогорку кызматтагы адамдар соттолгон.

XS
SM
MD
LG