Баткенде жаңыдан салынып жаткан Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Ворух-Исфара жолунун жаңы бөлүгүн пайдалануу шарттарын аныктоо боюнча бүгүн эки өлкө адистери эксперттик иштерди баштайт.
Кыргызстандык 5 кишиден турган топ 6-июлда Тажикстанга жөнөп кеткен. Жолугушуулар коңшу өлкөнүн Кайрак-Кум шаарында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Келишимди түзүү өткөн аптада Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жолугушуусунда макулдашылган.
Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Тажик тарап ага каршы чыгып, быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуудан соң жол курулушу токтоп калган.
Өткөн аптада кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү жолугуп, курулушту 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол койгон. (SE)