Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Кумтөр боюнча кошумча келишимдер даярдала баштады


Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” "Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, кен иштетүүнүн шарттарын аныктаган 14 кошумча келишимди түзүү боюнча иш башталды. Сүйлөшүүгө өкмөт алдындагы түзүлгөн эксперттик топ жана “Центерра Голддун” адистери катышып жатат. Учурда бир нече келишимдин долбоору даяр.

Быйыл февраль айында Жогорку Кеңеш "Кумтөр оперейтинг" компаниясында үлүштү 50 пайызга бөлгөн биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырып берген. Андан кийин дагы 10дон ашык кошумча келишим түзүлүүгө тийиш эле. Буга чейин вице-премьер-министр Валерий Дил парламентте кошумча келишимди түзүү боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүү оор болуп жатканын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG