Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Дмитрий Цойдун камактагы мөөнөтү 6-августка чейин узартылды


“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойдун камактагы мөөнөтү 6-августка чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын бүгүн Жогорку Соттон кабарлашты. Цой 6-майда борбордогу №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал 2009-жылы Ысык-Көлдө адам өмүрүнө кол салган деп шектелүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутуна аткан, кийинчерээк ал адам каза болуп калган. Ошондой эле милиция Дмитрий Цой белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар-жоктугун да иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG