Жапониянын түштүгүндөгү Окинава аралдарын кубаттуу тайфун каптады. Табигый апаат транспорт каттамдарын үздү жана аралдагы АКШ аскерлери базадан сырт жактагы ар кандай иштерин токтотту. Окинаванын бийликтери тайфундан 10 адам жапа чекенин билдирди. Жапониянын метеорология агенттигинин маалымдашынча, тайфундун ылдамдыгы саатына 194 чакырымдан 240 чакырымга чейин жетти. Суу аралаш бороон андан ары Кюсю аралын жана Нагасаки шаарын көздөй багыт алды. Тайфун Кюсюге чукул жерде балык уулоочу кемеден бир жумушчуну алып кеткен.
Кытай жана Тайвандын өкмөттөрү өз кемелерине толкун басылганча тыныгып тургула деп эскертти.