Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Салык кызматына сынаксыз орношкон депутат жардамчылары текшерилүүдө


Бул тууралуу Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сынаксыз кызматка кирген депутат жардамчыларынын адистик деңгээлдери текшерилип, ишинде кемчилик байкалса, кызматтан бошотулууда. Азыркы учурга чейин мындай жол менен жумушка орношкон 6 жардамчы өз ишин жөндөй албайт деген жүйө менен кызматтан кетти.

Салык кызматына депутаттардын 50дөн ашык жардамчы-кеңешчиси сынаксыз жумушка кабыл алынганы белгилүү болгон. Бул коомчулуктун талкууларга жол ачып, президент Алмазбек Атамбаев аны сынга алган. Мындан соң Мамлекеттик кадр кызматы “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген. Ага ылайык, депутаттардын жардамчыларын сынаксыз кызматка алууга тыюу салынмакчы. Учурда бул мыйзам долбоор парламенттин кароосунда турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG