Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтары атышууну токтотуу тууралуу келишти


Бул тууралуу бүгүнкү окуяга байланыштуу эң соңку билдирүүсүндө Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, кыргыз-тажик чек арасында абал дале чыңалган бойдон калууда. Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары полковник Райимберди Дүйшенбиев менен генерал-лейтенант Раджабали Рахмонали телефондо сүйлөшүп, өздөрүнүн чек ара бөлүктөрүнө атышууну токтотууну буйруган. Ошол эле маалда, билдирүүдө кызмат «тажик тараптан кыргыз аскерлерин карай дале мезгил-мезгили менен ок атылып жатканы» кошумчаланды.

Бүгүн түшкө жуук Ак-Сайга жакын жерде чек арачылардын катышуусунда куралдуу инцидент болуп, тажик тараптан бир киши өлгөнү, бир нече тургун жаракат алганы айтылган. Бирок азыр бул окуя боюнча эки тараптын бийлик өкүлдөрү бири-бирине карама-каршы билдирүүлөрдү таратып, окуя үчүн бири-бирин күнөөлөп жатышат.

XS
SM
MD
LG