Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз дарыясынын аймагын иштете турган ири улуттук корпорация түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн жыйында айтылды.
Вице-премьер-министр Валерий Дил менен жолугушууда Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун кызматкерлери аймакты өздөштүрүүнүн комплекстүү долбоорун талкуулашты. Ал аркылуу инвестор тартылып, ишкана түзүлөт. Энергетикалык жана өндүрүш зоналарынын ачылышы Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында жашагандар үчүн кошумча жумуш орундарын түзмөкчү.
Буга чейин аталган аймакка инвестиция салуу ниетин Орусия жана Кытай билдирген болчу. (RK)