Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Бүгүн Акматбек Келдибековго байланыштуу сот уланат


Бул тууралуу адвокат Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, сотто Акматбек Келдибековдун иш менен таанышууга убакыт сурашы күтүлүүдө. Анткени ал иш менен тааныш эмес. Андан сырткары соттун болушу Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу. “Эгерде дарыгерлер ага сотко катышууга уруксат берсе, анда ал келип катышат” деп белгиледи Бекназаров. 10-июлда Келдибековдун кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу сот ишти кароону 15-июлга которгон эле. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы ноябрда кармалган. Келдибеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG