Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Батукаев Владикавказдагы тергөө абагында кармалууда


Башкы прокуратура кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деген Азиз Батукаевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча ишти улантууда. Аталган мекемеден кабарлашкандай, 1-июлда Түндүк Осетияда кармалган Батукаев учурда Владикавказ шаарындагы тергөө абагында отурат. Аны кайтаруу боюнча Кыргызстандын өтүнүчү Орусиянын тиешелүү органдарына жиберилген. Учурда аны орус тарап иликтеп жатат.

16 жылга кесилген Азиз Батукаевди өткөн жылдын 9-апрелинде абактагы жарым мөөнөтү бүтө электигине карабай "айыкпаган ооруга чалдыкты" деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Бирок быйыл апрель айында Башкы прокуратуранын келтирген өтүнүчүнүн негизинде Нарын шаардык соту Батукаевди бошотуу боюнча мурдагы чечимин жокко чыгарган эле. Ага Батукаевдин тез аранын ичинде өлүмгө жеткире турган ооруга чалдыкканы күмөн экени себеп болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG