Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, шейшембиде өкмөттө бул боюнча жыйын болуп, жолдун курулушун ушул апта соңуна чейин баштоо чечими кабыл алынды:
- Курулуш баштоо боюнча Транспорт министрлигине тапшырма берилди. Бүгүнтөн тарта жолду куруу боюнча техника жерине жеткирилет. 10-июлдагы чек ара жаңжалынан кийин Тажикстан расмий өкүлдөрү жолдун курулушун баштабай турууга эки апта мөөнөт сураган. Бул мөөнөт эртең аягына чыгат. Биз Тажикстанга кабарлап коюп, ишти баштай беребиз, - деди Искандаров.
Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү, жалпы узундугу 25 чакырымдай бул жолдун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын ага каршы болушунан былтыр 27-апрелде, быйыл 11-январда жаңжал чыккан. Ай башында эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолугуп, курулушту 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол коюлган. Бирок 10-июлда Тамдык айылында кайрадан куралдуу кагылыш тутанып, курулуш уланбай калган. (BkA)