Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Иракта суннит согушкерлери дагы эки шаарды басып алды


2-август күнү Ирактагы күрттөр менен салгылашуудан соң “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» деп аталган ал-каидачыл уюшманын согушкерлери Зумар шаарын басып алды. Кагылышта 77 киши каза тапты. Ошол эле күнү согушкерлер мунай кени жайгашкан Каск шаарын да ээлешти. Соңку маалыматтарга караганда, Ирак армиясы эки шаарга тең абадан сокку урду. Жайкын тургундар согуштан коргонуу үчүн Күрт автоном районуна качып жатат.

“Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» кыймылынын согушкерлери өлкөнүн түндүк жана батыш бөлүгүн басып алууну эки айдан бери улантууда. Мурдараак Мосул шаарын ээлешип, ал жактагы диний эстеликтерди, пайгамбарлардын мүрзөлөрүн чекеден кыйрата башташкан. Алар бул аракетин “Исламда мүрзөгө же ыйык деп аталган жерлерге сыйынуу жок” деп түшүндүрүшүүдө.

БУУнун маалыматына ылайык, өткөн айда эле суннит согушкерлери ээлеген аймакта 1186 жайкын тургун каза болду. Полиция 550дөн ашуун кызматкерин жоготту. (SE)

XS
SM
MD
LG