Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Саясий партияларды сырттан каржылоого тыюу салуу сунушталды


Мындай мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги коомдук талкууга алып чыкты. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Саясий партиялар” боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоордо саясий партияларды өлкө сыртынан жеке адамдар жана уюмдар тарабынан каржылоосуна тыюу салуу каралган. Долбоор саясий абалга сырттан кийлигишүүнү алдын-алуу максатын көздөйт:

- Мыйзамдын маңызы - өлкөдөгү ички саясий абалга ар кыл тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө бөгөт коюу болуп жатат. Анткени шайлоо мезгилинде ар кандай диний агымдар, уюмдар партияларды каржылап, өз максатын ишке ашырууга аракет кылышы мүмкүн, - деди Шыкмаматов

Учурда бул мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлдү.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG