Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Британ лидерлери Шотландияга убада берүүдө


Шотландиянын көз карандысыздыгын жактагандардын жүрүшү. Глазгов, 14-сентябрь, 2014-жыл.
Шотландиянын көз карандысыздыгын жактагандардын жүрүшү. Глазгов, 14-сентябрь, 2014-жыл.

Британ парламентиндеги негизги үч партиянын лидерлери бүгүнкү биргелешкен билдирүүсүндө Шотландияга бийлик укуктарын кеңейтүүнү убада кылды.

Шотланддарды көз карандысыздык идеясынан баш тартууга ынандырууну көздөгөн убада 18-сентябрдагы жалпы элдик референдумдун жуп алдында берилип олтурат.

Консервативдик партиянын лидери, учурдагы премьер Дэвид Кэмерон, оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидери Ед Милибэнд, Либералдык партиянын лидери Ник Клегг кол койгон билдирүү бүгүн шотланддардын Тhe Daily Record гезитинин башкы бетинде жарыяланды.

Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда, Шотландияда көз карандысыздыкты колдогондор менен каршылар дээрлик тең чамалаш. (UE)

XS
SM
MD
LG