Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

ТҮРКСОЙ кийинки жылды Омор Султанов жылы деп жарыялады


ТҮРКСОЙ уюму жана түрк жазуучулары түзгөн ЕврАзия жазуучулар бирлиги Казанда өткөн Эл аралык форумда 2015-жылды Кыргыз эл акыны Омор Султановдун жылы деп жарыялады. Бул тууралуу аталган иш-чарага катышып келген жазуучу Айдарбек Сарманбетов билдирди.

Сарманбетовдун айтымында, “Түрк дүйнөсүнүн адабияты жана тарыхы” аттуу форумга 17 өлкөдөн 32 өкүл катышкан. Эми аталган иш-чаранын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин адабий басылмаларында Омор Султановдун чыгармалары жайылтылат.

Омор Султанов “Отузунчу станция”, “Сен жөнүндө поэма”, “Жан берели сүйүүгө”, “Адамдын турмушу” жана башка чыгармалары менен окурмандарга белгилүү. (ZA)

XS
SM
MD
LG