Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Үрүмчүдө уйгур окумуштуусу өмүр бою эркинен ажыратылды


Үрүмчү соту Кытайда бийликтин аз улуттарга карата саясатын сындап келаткан уйгур окумуштуусу Илхам Тохтини өмүр бою эркинен ажыратты. Экономика профессору Тохти "Шиңжаңдагы расмий бийликти кулатуу аракетине багытталган ишмердүүлүк үчүн" деп айыпталууда. Бирок өзү мындай айып эч негизсиз экенин айтып келатат.

Адвокат Ли Фангпинг муну саясий чечим деп сындады:

- Бул таптакыр туура эмес чечим болду. Илхам өзү да күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал сөзсүз түрдө бул өкүмгө каршы арызданат. Сот саясий чечим чыгарды.

Кытайдагы активисттер соттун бул өкүмү Шиңжаң Уйгур автоном облусундагы кырдаалды курчутушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Бул аймакта сегиз миллиондой уйгур жашайт.

Илхам Тохти жана анын жети студенти январь айында камалган. АКШ жана Евробиримдик Кытайды аны бошотууга чакырып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG