Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Оторбаев бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бир катар жетекчилерге эскертүү берип, сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 19-сентябрда өкмөт жыйын куруп, ар бир органга тапшырмалар берилген. Бул тапшырмаларды өз деңгээлинде аткарбаганы үчүн айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев, Мамкаттоонун төрайымы Алина Шайыкова, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабыржан Атажанов, Жаза аткаруу кызматынан башчысы Советбек Арбаев, Бажы кызматынан башчысы Адамкул Жунусов, Салык кызматынын статс-катчысы Жакып Карагул уулу жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Нурбек Калматовго эскертүү берилди.

Ошондой эле Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция төрагасы Таалайбек Нурбашев жана орун басары Абдыбек Саткымбаевге сөгүш берилди.(BkA)

XS
SM
MD
LG