Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Өзгөндүк ишкер депутаттын жакындары бизнесин талашып жатканын айтып чыкты


Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар башында турган топтун карактоосуна кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу ишкердин жакындары Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Ишкердин атасы Аширали Келдибаевдын айтымында, Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар баштаган адамдар 30-августта алардын үйүнө басып кирип, курал менен коркуткан. Алар ишкердин бизнесин өткөрүп берип, өздөрүнүн өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Ишкердин жакындары буга чейин тиешелүү органдарга кайрылганын, бирок эч кандай жыйынтык болбогонун кошумчалашты.

КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева мындай дооматтарды чындыкка коошпойт деп четке кагууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG