Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Порошенко: газ боюнча сүйлөшүүдө жылыш бар


Украина жана Орусия президенттери Петро Порошенко менен Владимир Путин Миланда өткөн “Европа-Азия” (АСЕМ) саммитинин алкагында газ маселесин талкуулашты. “Биз газ боюнча келишимдин негизги параметрлери тууралуу сүйлөштүк. Учурда келишимди каржылоо булактары тууралуу сүйлөшүү аягына чыгып калды”, - деди украин лидери.

ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги сүйлөшүүдө Путин көп сүйлөбөгөнүн, анын жыйынтыктыгы тууралуу журналисттердин суроосуна “жакшы” деп гана жооп бергенин жазды. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков “татаал” сүйлөшүүлөрдө ийкемдүү эмес деп Батыш лидерлерин сындады.

Миландагы саммитте Украинадагы кризис жана аны жөнгө салуу негизги маселе катары каралды. Саммитке Украина, Орусия жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. Газ боюнча сүйлөшүү 21-октябрда Брюсселде уланат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG