Пакистанда христиан түгөйлөр өлтүрүлгөндөн кийин полиция 40тан ашуун шектүү адамды кармады. Бийликтегилердин айтымында, мусулмандардан турган топ Шехзад Масих менен жубайы Шаманы Куранга акаарат келтиришти деп, сабап өлтүргөн. Кийин алардын сөөктөрүн өрттөп жиберишкен. Окуя кечээ Панжаб чөлкөмүндөгү Радха Кишан деген шаарда болгон. Премьер-министр Наваз Шариф кылмышты катуу айыптады. Панжаб өкмөтүнүн жетекчиси Шахбаз Шариф тергөөнү көзөмөлдөө үчүн комиссия түзүп, полицияга христиандар жашаган конуштарда коопсуздук чараларын күчөтүү буйругун берди. Калктын басымдуу көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн Пакистанда диний азчылыктарга кол салуулар көп болот.