Германиянын Москвадагы элчилигинин кызматкери Орусиядан чыгарылды. Германиядагы өкмөттүк булактарга таянган "Франц Пресс" агенттигинин маалыматына караганда, аты аталбаган дипломат айым Москвадан 15-ноябрда чыгып кетти.
Немис агенттиктеринин бири Орусия бийлигинин бул чечимин орус дипломатынын чыгарылышына байланыштырууда. Сөз Орусиянын Бонндогу башкы консулдугунун кызматкери жөнүндө болуп жаткандай. Аны “Немис толкуну” медиакомпаниясы тыңчылык менен алектенген деп болжогон. Дипломат Конституцияны коргоо боюнча немис кызматы тарабынан бир нече ай бою байкоого алынып, натыйжада өлкөдөн чыгарылган. Бул тууралуу маалымат коомчулукка кенен тараган эмес.