Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Кытайда уйгур окумуштуусунун өкүмү өзгөртүлгөн жок


Кытайдын соту бийликтин улуттук азчылыктар саясатын сындаган уйгур окумуштуусу Илхам Тохтини өмүр аягына чейин абакка кесүү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Адвокаты мындан ары апелляция берүү мүмкүнчүлүгү жок деди.

Бээжин университенин мурдагы профессору, 44 жаштагы Тохти сепаратизм үчүн айыпталып, ушул сентябрда соттолгон. Ал Кытай өкмөтүн Шиңжаң-Уйгур облусуна жана ал жакта жашаган уйгурларга көбүрөөк автономия бербейт деп сындап келген. Үрүмчүдөгү сотто Тохти күнөөсүн мойнуна алган эмес. Адвокаты сот процессинин артында саясат турат деп ырастоодо.

Шиңжаң-Уйгур автономиясындагы уйгурлар укуктары корголбой, Кытай жетекчилигинин дискриминациялык саясатынан жабыркап жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG