Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Бишкектин тургуну милициянын кыйноосунан улам мыйзамсыз иштерге барганын айтып чыкты


Бишкектин тургуну Адылжан Чонахунов Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери менен бирге бейкүнөө адамдарга баңгизат менен карматып жүргөнүн айтып чыкты. Ал бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Чонахунов уурулук, каракчылык, талап-тоноо беренелери боюнча төрт жолу соттолуптур. Өзүнүн айтымында, биринчи жолу кыйноонун негизинде күнөөнү мойнуна алган. Бешинчи жолкусунда аны милиция кызматкерлери уруп-согуп, өздөрүнүн терс иштерине пайдаланып келишкен:

- Мени биринчи кармаганда эле аябай сабашкан. Бөтөлкө, дубинка менен урушкан. Дагы урбасын деп күнөөнү мойнума алдым. Кийин төртүнчү жолу абактан чыгып, катталуу үчүн бардым. Ошол жерде аймактык милиция жана башка кызматкерлер менен тааныштым. Алар мага героин берип, планды толтуруу үчүн чогуу иштешүүнү сунуштап, коркутушту. Мен героинди бейкүнөө адамдарга эле байкатпай салып, милицияларга карматчумун. Анын айынан үч киши түрмөгө түштү-деп билдирди Чонахунов.

Мындан соң ал Кыйноолорду алдын-алуу улуттук борборуна кайрылган. Аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков бул окуя боюнча укук коргоо органдарына тиешелүү чара көрүүгө чакырды.

Бул окуя боюнча Свердлов райондук милициясынан комментарий берише элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG