Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Аба ырайы: Нарында катуу суук болот


Чукул билдирүү:

2014-жылдын 12-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90,145-150-чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык, кыймыл сакталышы зарыл.

Аба ырайы:

13-декабрда Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -10...-15, түндүгүндө -17...-22, күндүз -0...-5, түндүгүндө -2...-7;
Таласта түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5;
Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4..-9, күндүз -3...-8;
Нарында түнкүсүн -25...-30, күндүз -14...-19;


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27...-32, күндүз -14...-19 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз 1…-3 градус болот.

XS
SM
MD
LG