Эмгек, жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкулов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов 2010-жылдан соң жаштар министри болуп дайындалган. Ал жетектеген министрлик кийин Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги болуп кайра түзүлгөн.(BkA)