29-декабрда кар калың жааганына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автоунаа жолдорунда: Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Казарман-Актал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.
Кыргызстанда 30-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүзү 5…10 ;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүзү 4…9;
Баткенде түнкүсүн -4…+1, күндүзү 6…11;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүзү 6…11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү 0…5;
Нарында түнкүсүн -22…-27, күндүзү -11…-16;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүзү -8…-13.
30-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр болот.
Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5 градус суук, күндүз 8…10 градус жылуу болот.