Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, куткаруу кызматы, өрт коопсуздугу кызматы жана бардык региондордогу куткаруу топтору жаңы жыл түнү күчөтүлгөн тартипте иштешти. Жалпы өлкө боюнча 38 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Катталган өрт кырсыктардын көбү жардыргычтар, фейерверк, жана от оюнчуктарды балдар туура эмес колдонгондон улам келип чыккан. Жалпы катталган өрт кырсыктарынан бир адам каза болуп, дагы бир адам жабыркады. (TSh)