Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Ош 2-3 күндө газ менен толук камсыз болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу билдирди. Анын айтымында, шаардын беш аймагында: Манас-Ата, Алымбек Датка, Ак-Буура, Амир Темир жана Курманжан Датка аймактарына газ берилди.

“Шаарда апрелден бери газ болгон жок. Буга байланыштуу айрым газ куурларында техникалык проблемалар бар экен. Негизги максатыбыз коопсуздук, ошон үчүн бардык системаны бир сыйра текшермейин шаарга толук газ бере албай жатабыз. Шаардын газ башкармалыгынан 120 адам иштеп атат, 2-3 күндө шаарга толук газ беребиз”, - деди вице-мэр.

“Кыргызгаз” ишканасы орусиялык “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин келишим бүттү деген негизде Өзбекстан 2014-жылы 14-апрелде Ошко газ берүүсүн токтоткон. 9 айдан бери Ошто 60 миңдей абонент көгүлтүр отсуз жашап келген. Газ берүү 30-декабрда кайрадан жанданган. Баасы: элге 13,54 сом, ишканаларга 16,30 сом.

Расмий маалыматтарга караганда, “Газпром Кыргызстан” менен Gazprom Schweiz AG ортосунда келишим түзүлүп, 2015-жылы өлкөнүн түштүк аймагына 100 миллион куб метр жаратылыш газы бериле турган болду. Gazprom Schweiz AG орусиялык "Газпром" компаниясынын таандык ишкана. Ал Борбор Азия регионунда Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстандан газ сатып алуу менен иш жүргүзөт. Өзү Щвейцарияда катталган. (МТо)

XS
SM
MD
LG