Париждин чыгышындагы адамдарды барымтага алууда эки адам каза болду. Бул тууралуу "Франс Пресс" агенттиги жазып чыкты. Француз полициясы кабарлагандай, кылмышкерлер Порт-де-Винсен аймагындагы дүкөнгө кирип ок ачкан. Кеминде алты адамды барымтага алынды.
Полиция кылмышка шектүүлөр 32 жаштагы Амеди Кулибали жана 26 жаштагы Хаят Бумеддиен болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Бул адамдар 8-январда Париждеги полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жатышкан эле. Полиция аларды куралданган коркунучтуу адамдар деп эскертүүдө.
Учурда Париждин түндүк-батышындагы Даммартэн-ан-Гёль районунда "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелген бир тууган Куашилерди кармоо операциясы да уланууда.
Полиция алар кеминде бир адамды барымтага алганын кабарлоодо. Операция Париждин түндүк-батышындагы Даммартэн-ан-Гёль районунда жүрүп жатат. Районго жакын жайгашкан Шарль Де Голл аэропортундагы каттамдар токтотулду. Жакын жерлердеги мектептер жабылды.
Париждеги “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына 7-январдагы кол салууда 12 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын сегизи журналисттер эле. Дагы 11 адам жараат алган. Алардын төртөөнүн абалы оор деп айтылып жатат.