10-январга караган түнү “Кыргызстан укук коргоо” кыймылынын кеңсесин белгисиз адамдар ачып кирип, бир компьютерин уурдап кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, уурдалган компьютерде адам укуктары жөнүндө маанилүү маалыматтар сакталган болчу.
“Муну кызыкдар болгондор жасашы мүмкүн, ал компьютерде маанилүү маалыматтар сакталган эле” – деди Турсунбек Акун.
Учурда бул боюнча милицияга кайрылышты. “Кыргызстан укук коргоо” кыймылынын кеңсеси Бишкектин Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. (TSh)