Мадриддин «Реал» жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча ФИФАнын “Алтын тобуна” ээ болду. Ал добуш берүүдө “Барселона” командасынын чабуулчусу Лионел Месси менен “Бавариянын” дарбазачысы Мануэль Нойерди артка таштап, үчүнчү жолу “Мыкты футболчу” аталды.