Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Кайыпов: Нарын жаштары антимитинг өткөрөт


Нарындагы айрым жаштар электр баасынын арзандатылышын талап кылып, митинг уюштургандарга каршы митингге чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарындагы айрым жаштар жана ишкерлер эртеңки болчу митингге каршы экендиктерин билдиришкен.

- Жаштар келип митингдерге каршыбыз, митингге чыккандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз деп жатышат. Негизи элдин көпчүлүгү электр тарифин түшүнүү менен эле кабыл алып жатат. Митингчилерди Нарында тополоң кылгысы келген саясий күчтөр козутуп жатат, - деди Кайыпов.

Мындан мурдараак электр баасынын арзандашын талап кылган нарындыктар 14-январда митингге чыгарын кабарлашкан. Алар декабрда да электр баасынын кымбатташына каршы акцияларга чыгышкан.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Кечээ жакында өкмөт бул тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатты. (UEz)

XS
SM
MD
LG