АКШ жана коалициялык күчтөр Сириядагы Кобани шаарынын чет жакасын согушкерлерден бошотуу үчүн абадан сокку уруп жатат. Акыркы 24 саат ичинде абадан он үч жолу сокку урду.
Түркия менен чек арадагы Кобани шаарын террорчулар өткөн жайда басып алган эле. Алар күрттөр жашаган шаарды курчап алып, тегерегиндеги күрт айылдарына тынымсыз соккуларды уруп турган.
Мындан соң калаага Түркия аркылуу күрттөрдүн пешмерга күчтөрү киргизилген. Ушул апта башында күрт күчтөрү шаардагы көзөмөлдү өз колуна алганы кабарлаган. АКШ болсо шаардын 80 пайызга жакын аймагы күрт күчтөрүнүн колуна өткөнүн билдирүүдө.