Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Пакистан: мечиттеги жардыруудан каза тапкандардын саны 56га жетти


Мечиттеги жардыруудан кийин. Пакистан. 30-январь.
Мечиттеги жардыруудан кийин. Пакистан. 30-январь.

Пакистан бийликтери билдиргендей, кечээ түштүктөгү Синд дубанында шииттердин мечитине кол салуудан набыт болгондордун саны 56га жетип, 30дан ашыгы жараат алды.

Жардыруу Карачи шаарынан 470 чакырым түндүктөгү Шикарпур шаарынын жанында, жума намаз учурунда орун алды. Кол салууну сунни мусулмандарынын "Жундуллах" деп аталган согушкерлер тобу уюштурганын жарыялады. Пакистанда сунни экстремисттери шииттерди “мусулман эмес” деп жектеп, алардын мечиттерине көп кол салышат.

Бул теракт талиптер аскер окуу жайын басып алгандан кийинки эң көп адам өмүрүн алган каргаша болуп калды. 16-декабрдагы Пешевардын түндүгүндөгү талиптердин чабуулунан 151 адам жан берген, алардын көбү балдар эле.

XS
SM
MD
LG