Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Башкырстанда каза тапкан кыргыздардын сөөгү мекенине келе элек


Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, элчиликтин өкүлдөрү жол кырсыгында каза болгон беш кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүү аракетин көрүшүүдө.

Кулукееванын кабарлашынча, учурда элчилик өкүлдөрү маркумдардын документтерин тиешелүү органдардан тактап, Кыргызстанга жөнөтүү аракетин көрүп жатышат.

5-февралда түнкү бирлер чамасында Башкырстандын Октябрь шаарына жакын жерде "Вольво" үлгүсүндөгү унаа менен "Газель" кагышып кетип, кырсыкта беш кыргызстандык каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилген. Жараат алгандардын биринин абалы оор экени айтылууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG