Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 03:36

Ош: Кызынын карызы үчүн аялын өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды


Ош шаарынын 52 жаштагы тургуну Рано Ахмедованын жансыз денеси 8-февралда өз үйүнөн табылган. Кылмышка шектелип анын күйөөсү кармалган. Ош шаардык милициясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, шектүү жаран өз аялын өлтүргөнүн моюнуна алды. Буга кызынын ар кимден алган 20 миң доллар карызы себеп болгонун айтты. Маалыматка ылайык, ал “кызга жакшы тарбия берген эмессиң” деп жубайын бычактаган. Тергөө уланып жатат.

Өткөн жылы Араван районундагы бир үй-бүлө да өз келинин “жүрүш-турушу начар” деген жүйө менен өлтүрүп, денесин каналга агызганы аныкталган. (YI)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG